Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Японияда аптанын башынан бери уланып жаткан “Дуцзюань” тайфунунан каза болгондордун саны 12ге жетти. Дагы үч адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Япониянын метеорология агенттигинин (JMA) маалыматына караганда, тайфун өлкөнүн чыгыш аймактарына, анын ичинде Токио жана ага чектеш префектураларга таасирин тийгизүүдө.
Мамлекеттик ЖМКлардын маалыматына ылайык, дайынсыз жоголгон үч адамды издөө иштери уланууда.
Андан сырткары, бул тайфундан улам 9 миңден ашык үй электр жарыгысыз калды.