Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Чилинин түндүгүндөгү Атакама чөлүндө нөшөрлөп жааган жаандан кийин миңдеген гектар жер гүлдөргө бөлөндү. Бул тууралуу Euronews билдирди.
Планетадагы эң кургак аймактардын бири болгон Атакамадагы адатта какырап жаткан чоң аймактарды кызгылт көк жана ак гүлдөр каптады. Бул сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушу “гүлдөгөн чөл” деп аталат.
Адистердин маалыматына караганда, чөлдүн топурагында өсүмдүктөрдүн 200гө жакын түрүнүн уруктары жана тамырлары жылдап сакталып, ылайыктуу шарт түзүлгөндө өсүп чыгат. Бул жолу Эль-Ниньо климаттык кубулушуна байланыштуу жаан-чачындын көп болушу өсүмдүктөрдүн жапырт гүлдөшүнө шарт түзгөн.
Айрым аймактарда жаандын көлөмү 180 миллиметрден ашкан. Чилинин Улуттук токой корпорациясынын (Conaf) маалыматына ылайык, кубулуш октябрь айында эң жогорку чегине жетип, болжол менен 15 миң гектар жерди гүл капташы мүмкүн.
Эль-Ниньо Тынч океандын экватордук бөлүгүнүн борбордук жана чыгыш аймактарындагы суунун үстүңкү катмарынын адаттан тыш жылышы менен мүнөздөлөт. Бул кубулуш шамалдын багытына жана дүйнөнүн айрым аймактарындагы жаан-чачындын көлөмүнө таасир этиши мүмкүн.