Гималайда кар көчкүдөн кийин 14 адам дайынсыз жоголду

Дүйнө 28 сентябрь 2026 09:05
Гималайда кар көчкүдөн кийин 14 адам дайынсыз жоголду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Гималайдагы Химлунг-Химал тоосунун аймагында лагерге кар көчкү түшүп, кеминде 14 непалдык жаран дайынсыз жоголду. Бул тууралуу ТАСС Kathmandu Post гезитине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгондор непалдык экспедициялык топтун мүчөлөрү, анын ичинде шерпалар, гиддер жана тейлөө кызматкерлер бар. Алар менен байланыш 27-сентябрда эртең менен үзүлгөн.

Гезит дайынсыз жоголгондордун арасында чет элдик туристтер жок экенин белгилейт, анткени алар окуя болгон учурда лагерге келе элек болчу. Алар беш-алты күндөн кийин келмек.

Куткаруу операциясы туруксуз аба ырайынан улам оорлошууда.

Гималайдагы Химлунг-Химал тоосунун бийиктиги 7126 метр.