Бишкек ЖЭБине январь айында 77 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди

Коом Загрузка... 26 Январь 2026 11:31
1.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь айында Бишкек Жылуулук электр борборуна 77 миң 419 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Балыкчы көмүр базасынын ишмердүүлүгү менен таанышуусуyнда белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Балыкчы көмүр базасында Бишкек ЖЭБи үчүн 26 миң тонна штыб-көмүр жана Бишкек шаарынын көмүр базасын камсыздоого багытталган 2 миң тонна тандалма көмүр кору бар.