Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 2025-жылдын январына салыштырмалуу 2 пайызга өскөн. Мында экспорт 20,3 пайызга төмөндөп, ал эми импорт тескерисинче 6,1 пайызга көбөйгөн. Ал эми товар жүгүртүүнүн структурасында экспорттун үлүшү 12 пайызды, импорттуку – 88 пайызды түзгөн.
Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2026-жылдын январында 396,8 млн долларды түзүп, 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,3 пайызга өскөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 15,7 пайызга төмөндөп, ал эми импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 17,8 пайызга көбөйгөн.
Ушул мезгил ичинде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия (68,6 пайыз) жана Казакстанга (29 пайыз) туура келген.
Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 656,1 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын январына салыштырмалуу 2,9 пайызга төмөндөгөн. Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода республиканын жалпы товар жүгүртүүсүнүн көлөмүндө 62,3 пайызды, экспортто – 54,6 пайызды, импортто – 63,4 пайызды түзгөн.