Январда 2,5 миң кыргызстандык биринчи жолу пенсия алды

Коом 5 февраль 2026 13:24
Январда 2,5 миң кыргызстандык биринчи жолу пенсия алды

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь айында Социалдык фонд 3 346 пенсиялык ишти карап чыкты.

Мекеменин маалыматы боюнча, анын ичинен:

  • 2 541 жаранга пенсия алгачкы жолу дайындалды;
  • 805 пенсионердин төлөмдөрү эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы тууралуу кошумча документтердин негизинде кайра эсептелди.

Социалдык фонд пенсиялык камсыздоо боюнча суроолор менен жарандар 1202 кыска номуруна кайрыла алышарын эскертет.