Бакуда Кыргызстандын шаарларын өнүктүрүү пландары тууралуу айтылды

Экономика Загрузка... 19 Май 2026 11:40
6.webp
copyright icon АЗЕРТАЖ

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Кыргызстан Азербайжандын шаар куруу тажрыйбасын колдонуу менен бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Алардын бири - таштанды өрттөөчү завод. Бул тууралуу Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына (WUF13) катышып жаткан курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу АЗЕРТАЖ агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул тажрыйбанын негизинде Бишкек шаарында курулган аталган завод тиричилик таштандыларын жок кылуу менен гана чектелбестен, энергия да өндүрөт. Бул болсо калкты экологиялык жактан таза энергия менен камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.

"Учурда Чолпон-Ата шаарын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Мейманканаларды жана башка тейлөө чөйрөсүндөгү объекттерди курууда жаңы технологиялар колдонулууда. Баса, бул шаардын курулушуна азербайжандык ишкерлер инвестиция салганын белгилей кетким келет. Кыргызстандын өкмөтү кабыл алган чечимге ылайык, 2050-жылга чейин Бишкектеги жол тыгындарын жоюу пландаштырылууда. Бул багытта "акылдуу" жол чырактар жана унаа токтотуучу жайлар орнотулат", - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары ири шаарлар чоң көйгөйлөргө туш болуп жатканын кошумчалады.

"Калкты турак жай менен камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугу, жол тыгындары жана башка факторлор "хаостук" абалды жаратат. Бул карама-каршылыктарды жоюу үчүн жаңы технологияларды колдонуу кыйла натыйжалуу. Шаар чөйрөсүндө экологиялык балансты сактоо татаал. Өнөр жай ишканалары жана унаалар абаны булгап жаткандыктан жаңы шаарларды курууда жашыл энергиянын колдонулушун камсыздоо маанилүү жана муну эске алуу зарыл", - деди ал.