Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Иш-чарага Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев да катышып, Владимир Путинге суроо узатты.
Анын суроосу быйыл Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу болду.
“Быйыл Бишкек шаарында дүйнөдөгү өсүп жаткан глобалдык чакырыктар жана туруксуздук шартында ШКУнун саммити өтөт. Бул жыйында Россия кандай демилгелерди көтөрүп чыгат”,- деп суроо узатты.
Путин “Кабар” агенттигинин директорунун бул суроосуна жооп берип жатып, Россия ШКУнун саммитин өткөрүүчү өлкө катары Кыргызстандын сунуштарына таянарын билдирди.
“Саммиттин күн тартибин иштеп чыгуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк түзүмдөрү үзгүлтүксүз байланышта иш алып барууда. Шанхай кызматташтык уюму акыркы жылдары кыйла кеңейди. Алгач Кытай менен мурдагы Советтер союзуна кирген мамлекеттердин ортосундагы чек ара маселелерин жөнгө салуу үчүн түзүлгөн бул уюм бүгүнкү күндө 27 мамлекетти бириктирет. ШКУ экономикалык интеграция багытында конкреттүү иштерди жүргүзүп жаткан, аймактагы таасирдүү жана олуттуу бирикмеге айланды.
Борбор Азия өзүнүн бай жаратылыш ресурстары, кеңири аймагы жана калкынын өсүү темпи менен эл аралык коомчулуктун көңүлүн барган сайын көбүрөк бурууда. Мунун негизги себеби – аймактын зор экономикалык потенциалы. ШКУнун алкагында жүзөгө ашырылып жаткан бардык демилгелер жана долбоорлор Россия үчүн да, анын өнөктөштөрү үчүн да чоң кызыгууну жаратат. Биз Кыргызстанга ийгиликтерди каалайбыз жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз", — деп белгиледи Владимир Путин.