Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – алгачкы жолу 2014-жылы Кыргызстандын демилгеси менен өткөрүлгөн эл аралык маданий-спорттук иш-чара. Кыргызстан дүйнөдөгү көчмөн элдердин салттуу маданиятын жана этникалык спорт түрлөрүн сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган бул Оюндардын концепциясынын автору жана аны өткөрүүнүн демилгечиси болуп саналат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Оюндардын ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарындагы "Бишкек арена" стадионунда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулат, ал эми негизги спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт. Иш-чарага дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Оюндардын программасына этноспорттун 43 түрү, ошондой эле маданий жана илимий иш-чаралар кирген.
Оюндардын урааны – "Күч бирдикте! Рух бирдикте!".
Белгилей кетсек, 2026-жылы "Кабар" КУМА дүйнө көчмөндөрүнүн мурасын сактоого жана жайылтууга багытталган бул эң ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилде чагылдырууну камсыз кылуу менен, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026нын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары чыгууда.
"Кабар" КУМА – Кыргызстандын 1937-жылы негизделген эң алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү негизги окуяларды кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде чагылдырып келет.
Бүгүнкү күндө "Кабар" алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен кызматташат жана ата мекендик, ошондой эле чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн расмий маалыматтын негизги булагы болуп саналат.