VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Башкы штаб күнү-түнү иштейт

Көчмөндөр оюндары-2026 25 август 2026 16:15
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Башкы штаб күнү-түнү иштейт

Бишкек, 25.08.26 /Кабар/. 1–6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы штабы күнү-түнү кызматта болот.

Көчмөндөр оюндарынын медиа штабынын маалыматына ылайык, жарандар, катышуучулар жана коноктор уюштуруу жана өткөрүүгө байланышкан бардык суроолор боюнча аталган штабга кайрыла алышат.

Башкы штаб иш-чараларга байланыштуу маалыматтык колдоо көрсөтүп, кайрылууларды кабыл алып, зарыл болгон маалыматтарды берет жана жаралган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.

Төмөнкү каналдар аркылуу байланышуу сунушталат:

  • Өзгөчө кырдаалдар боюнча номер: 1225
  • WhatsApp / Telegram: +996 552 252 037