VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 24 Май 2026 12:15
IMG_3303.png

Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дон ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 60тан ашык өлкө катышарын тастыктады, ошондой эле дагы 30га жакын мамлекеттен жооп күтүлүүдө. Бул тууралуу ”Кабар“ агенттигине маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, эки жыл мурун Астанада өткөн оюндарга 86га жакын өлкө катышкан жана жылдан жылга дүйнө өлкөлөрүнүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон кызыгуусу артып барат.

"Бул жылы оюндар ЮНЕСКОнун колдоосуна (патронажына) ээ болду. Бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлде таанылганынан кабар берет. Бул биз үчүн бүткүл дүйнөгө Кыргызстанды таанытуу, ошондой эле көчмөн цивилизациясынын бар экенин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү", - деди ал.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.

Маалымат үчүн: Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги — 1937-жылы негизделген Кыргызстандагы эң биринчи маалымат булагы болуп саналат. Агенттик Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы жана дүйнөдөгү маанилүү окуяларды кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде ыкчам чагылдырат. Бүгүнкү күндө "Кабар" дүйнөнүн алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен тыгыз кызматташып келет жана расмий маалыматтын негизги булагы катары таанылган.

2026-жылы "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү болуп дайындалды. Агенттик дүйнө элдеринин көчмөн мурастарын сактоого жана жайылтууга багытталган бул ири этномаданий жана спорттук иш-чараны бир нече тилде маалыматтык жактан камсыздап турат.