VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500дөн ашуун чет өлкөлүк ЖМК чакырылды

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 12:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга чет өлкөлүк 500дөн ашуун ЖМК чакырылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө даярдыктар кызуу жүрүп, 100 өлкөгө жана 500дөн ашуун жалпыга маалымдоо каражаттарына чакыруу жөнөтүлдү.

“Жүз өлкөгө чакыруу кагаздары кеткен. Учурда кырк өлкөдөн катышуу боюнча жооптор келди. 1-майдан 1-июлга чейин аларды каттоодон өткөрүү иштери жүргүзүлөт. Ошол мезгилдерде канча өлкө катышары да белгилүү болот. Акыркы оюнда 89 мамлекет катышкан.
Ошондой эле биз Кыргызстандан сырткары чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына чакырууларды жөнөттүк. Буюрса, оюнга 500дөн ашуун ЖМК келип, чагылдыруусун күтүп жатабыз.
Euronews, Al Jazeera, BBC, CNN деген сыяктуу дүйнөлүк ири ЖМКларга чакыруулар берилди. Келе тургандарын Тышкы иштер министрлигинен аккредитациядан өткөрөбүз,-деди Аденов.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Бул иш-чара өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга, улуттук маданиятты даңазалоого жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошмокчу.