Венанын бошотулушунун 80 жылдыгы. Австрияда советтик жоокерлер эскерилди

Коом Загрузка... 16 Апрель 2025 09:50
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. 13-апрелде Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен бирге Вена шаарынын куткарылганынын 80 жылдыгынын алкагында курман болгон советтик жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты.

ТИМден билдиришкендей, салттуу иш-чара Австриянын борборундагы Шварценбергплац аянтындагы советтик жоокерлердин элесине арналган эстеликте өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн элчилери Россиянын Австриядагы элчилиги тарабынан Венадагы чабуулга катышкан жоокерлер чагылдырылган архивдик сүрөттөрдүн көргөзмөсү менен таанышты.

Ал жоокерлердин арасында Кыргыз ССРинин Чүй районунун Алчалуу айылында туулуп-өскөн Токуш Султанов да эрдик менен салгылашкан. Көргөзмөгө анын согуштун белгилүү кабарчысы Евгений Халдей («Рейхстагдын үстүндөгү Жеңиш туусу» деген сүрөттөр сериясынын автору) тарткан сүрөтү да киргизилген.

Маалымат катары: Венанын Шварценбергплац аянтындагы эстелик 1945-жылдын 13-апрелинде Вена шаарын фашисттик аскерлерден бошоткон Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Вена чабуулунда курман болгон 17 миң советтик жоокердин элесине арналып тургузулган.