Валлонияда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу расмий ачылды

Саясат 18 Май 2026 23:00
afd1c2fd-7ede-3623-b692-f42b94582cb4 (1).jpeg
aaa9e15e-2bac-38e7-bde1-c222dd2e4d8b.jpeg
c2a157c1-b428-3fe0-be4b-279f953cd346.jpeg
3dcb68d0-eaa2-3bb3-ab51-c6ca5554ca8a.jpeg
Алдыга
Артка
afd1c2fd-7ede-3623-b692-f42b94582cb4 (1).jpeg
aaa9e15e-2bac-38e7-bde1-c222dd2e4d8b.jpeg
c2a157c1-b428-3fe0-be4b-279f953cd346.jpeg
3dcb68d0-eaa2-3bb3-ab51-c6ca5554ca8a.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Лан шаарында Кыргызстандын Валлониядагы Ардактуу консулдугунун расмий ачылыш аземи орун алды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Бельгия Падышалыгындагы Кыргызстандын экинчи Ардактуу консулдугу. Биринчиси Фландриянын Руселар шаарында жайгашкан.

Валлонияда Ардактуу консулдуктун ачылышы Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоодогу дагы бир этап болду.

Аземдин жүрүшүндө ардактуу консул К. Годиссарга офисин жасалгалоо үчүн Кыргызстандын расмий атрибутикасы тапшырылды.

Иш-чарага Бельгиянын тышкы саясий ведомствосунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, Валлониянын ишкер жана коомдук чөйрөлөрү, региондун консулдук корпусунун мүчөлөрү, ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.