Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 30-августта саат 21:30да УТРКнын эфиринде "Каганат" киноэпопеясынын биринчи бөлүгү – "Барсбек каган" тарыхый драмасынын телепремьерасы болот.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тасма VII-VIII кылымдардагы окуяларды жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу доорун баяндайт. Анда кыргыздарды жана коңшу урууларды бириктирип, көз карандысыз мамлекетти чыңдоого салым кошкон Барсбек кагандын тарыхый образы чагылдырылат.
"Тасманы жаратууга чейин тарыхчылар, манасчылар, санжырачылар, археологдор жана этнографтардын катышуусунда бир жылга жакын изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Фильмде заманбап кинематографиялык технологиялар, анын ичинде генеративдик жасалма интеллект колдонулган", - деп айтылат маалыматта.
"Барсбек каган" "Каганат" киноэпопеясынын алгачкы бөлүгү. Анын кийинки бөлүгү – "Каганат: Беш тактынын кулашы" тасмасын жакынкы алты айдын ичинде көрсөтүү пландалууда.