Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда уруу-урууга негизделген бөлүнүүлөрдү жана анын негизинде саясий аракеттерди жүргүзүүнү токтотушубуз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион ТВ” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, акыркы мезгилде уруулар атынан байрак көтөрүп, өлкө боюнча курултай өткөрүү көрүнүшү күч алып бара жатат. Бул мамлекеттик бүтүндүккө шек келтириши мүмкүн.
“Ар ким өз уруусун көтөрүп чыгып, “Менин уруум күчтүү, менин уруумдан чыгаан адамдар чыккан” деп бүткүл республика боюнча курултай өткөрүп жатканы туура эмес. Бул уруучулукка бөлүнүп саясат жүргүзүүнүн ачык белгиси. Бул чоң калпыстык. Ооба, биз жети атабызды билишибиз керек. Бирок, ошол эле мезгилде мамлекеттик деңгээлде курултайларды өткөрүүнү токтоткула. Биз андайга жол бербейбиз. Ошондуктан муну туура кабыл алгыла.
Биз муну коомдун туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн токтотушубуз керек. Мындай аракеттерге жол берилбейт”, - деп кайрылды Ташиев.