Унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 7183 айдоочу кармалды

Коом 28 ноябрь 2025 17:22
Унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан  7183 айдоочу кармалды
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Жыл башынан тартып унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 7 183 айдоочу кармалган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өлкө аймагында унаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатууга каршы "Караңгылатуу" рейди жүрүп жатат.

Рейд жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, мыйзамсыз  көрүнүштөрдүн жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө унааларынын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочулардын унаалары айып короо жайына токтотулуп, мыйзамга ылайык 20 миң сом өлчөмүндө айып салынууда.