Унаа жуучу жана желимдөө жайларына рейд жүрүүдө. Кандай талаптарга жооп берүүсү керек?

Коом 1271 05 Март 2025 22:02
481823695_1071173385058515_8430032799042565503_n.jpg
481568251_1071173391725181_7002115687587347117_n.jpg
481795036_1071173388391848_9184750900946151906_n.jpg
482082364_1071172898391897_2111491933445338310_n.jpg
482085214_1071172858391901_194447670573643270_n.jpg
481901306_1071172855058568_1649597449695974071_n.jpg
481704524_1071172828391904_7352675424319205084_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Бишкекте унаа жуучу жана желимдөө жайларына рейд жүрүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык инспекция чарба субьекттерден Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону талап кылат.

Инспекторлор ар бир унаа жуучу жайларды жана желимдөө пунктарын текшерип, жазма буйруктарды берүүдө.

Ага ылайык, ар бир субъекттин кызматкери тегерек четин таза кармоого, дөңгөлөктөрдү жолдун четтерине үйүп салбоого милдеттүү.

Мындан тышкары, тротуарга кардарлардын унааларын койдурбоо боюнча милдеттендирилди.

"Мындай көрүнүш шаарыбыздын тургундарынан нааразычылыктары себеп болууда.

Эгер эрежелерди сактабаган же бузган учурда, чарба субьектилерине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык протоколдор түзүлөт",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин ар бир шаар тургуну жана уюмдар сактоого тийиш.