Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушундагы Ак-Шоокум көчөсүндө № 80 "Баластан" бала бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү.
Мэриядан билдиришкендей, бала бакча жайгашкан жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 1 041 чарчы метрди түзөт. Мекеме 80 балага ылайыкталган.
Курулуштун алкагында жаңы имарат тургузулуп, суу түтүктөрү тартылып, канализация системасы орнотулган.