Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Социалдык тармактарда кичинекей кыздын унаа башкарган видеосу тараган.
ЖКККББдан билдиришкендей, автоунаа Талас облусунун аймагынан аныкталды. Бул факты боюнча тиешелүү укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, автоунаа айып короого киргизилди.
Башкармалык ата-энелердин балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бура тургандыгын эскертти.
"Баланын автоунаа башкаруусуна жол берүү — анын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучуларына олуттуу коркунуч жаратат.
Урматтуу ата-энелер! Балдарга унаа башкарууга эч качан жол бербеңиздер жана транспорт каражатын башкарууга мүмкүнчүлүк түзбөңүздөр. Чоңдордун жоопкерчилиги — баланын коопсуздугун көзөмөлдөөдөн жана туура тарбия берүүдөн башталат. Эсиңиздерде болсун: унаа оюнчук эмес. Баланын коопсуздугу — чоңдордун туура чечиминен көз каранды",-деп айтылат маалыматта.