"Унаа" мекемесинин жаңы жылдык майрамдагы иш графиги

Коом Загрузка... 30 Декабрь 2025 12:15
img_8103.730x0.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.12.25 /Кабар/. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору (Унаа) жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу кыска мөөнөттүү эс алуу күндөрүнө чыгат. Бул тууралуу борбордон билдиришти.

Мекеменин майрамдардагы иш графиги төмөндөгүдөй болот:

— 2025-жылдын 31-декабрында борбордун бардык бөлүмдөрү жарандарды саат 16:30га чейин кабыл алат.

Ал эми “Биримдик-24” филиалы жана Ош аймактык бөлүмү саат 17:30га чейин иштейт.

— 2026-жылдын 1-январынан 11-январына чейин — эс алуу күндөрү.

— 2026-жылдын 12-январынан тарта мекемеде кадимки иш тартиби уланып, жарандарды тейлөөнү кайрадан баштайт.

Борбор жарандарды келе жаткан 2026-жыл менен куттуктап, көрсөтүлгөн иш графигин эске алуу менен иш сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.