Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Улуттук университеттин жүз жылдык тарыхын – мамлекеттин түзүлүүсү жана калыптануусунун жана илимий-билим берүүчүлүк эволюциясынын күзгүсү десек болот. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов окуу жайдын 100 жылдыгына арналган “Улуттук университет - улуттун тиреги” эл аралык форумунда билдирди.
Ал ЖОЖдун жалпы жамаатын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап жатып, “1925-жылы агартуу институту катары түзүлгөндөн бери өлкөнүн интеллектуалдык элитасын даярдоочу негизги борборго айланган. Дал ушул мекемеден Кыргыз ССРнин илимий мектебинин пайдубалы түптөлүп, ушул жерде коомдук жана табигый илимдер тармагындагы алгачкы изилдөөлөр жүргүзүлүп баштаган. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхына, тилине, маданиятына жана экономикасына салымын кошкон алдыңкы окумуштуулар, академик, профессор жана коомдук ишмерлер ушул жерден чыккан”,-деп баса белгиледи.
Ошондой эле ал окуу жайдын бүгүнкү жетишендиктерине токтоло кетти.
“Ал эми азыркы учурда Улуттук университет көп тармактуу, комплекстүү илимий-агартуу мекемеси катарында белгилүү жана дүйнөлүк QS Asia жана Central Asia рейтингине киргени маалым. Бул анын ачыктыгынан жана эл аралык стандарттарга болгон умтулуусунан кабар берет.
Бүгүнкү күндө окуу жайда бакалавр, магистратура, phd жана орто кесиптик билим берүүнү эсептегенде бардык деңгээлдеги 258 программасы бар. Алардын көбү эл аралык жана улуттук аккредитациядан өтүшкөн.
Акыркы жылдары Улуттук университеттин материалдык-техникалык базасы кыйла кеңейип, заманбап аудиториялар, лабораториялар, изилдөө борборлору, китепканалар жана санариптик платформалар ишке киргизилди. Бул өзгөрүүлөр натыйжалуу билим берүүгө жана илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.
Окуу жай андан сырткары, илимий долбоорлорго активдүү катышып, эл аралык кызматташтыкты бекемдеп келет. Ал эми бул жетишкендиктердин баары профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин жана окуу жайдын башкаруу командасынын эмгегинин натыйжасы болуп саналат”,-деди ал.
Белгилей кетсек, 23-25-октябрь күндөрү Улуттук университет өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ал 1925-жылы 25-октябрда Кыргыз агартуу институту катарында негизделген. 1993-жылы – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, 2002-жылдан тарта — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп өзгөргөн.
Учурда окуу жайда 14 институт, 14 факультет, 4 колледж, 1 гимназия, 4 илим изилдөө борбору жана 14 диссертациялык кеңеш иш алып барат.