Улуттук университетке билим берүүчү көчмө лаборатория автобусу тапшырылды

Коом Загрузка... 26 Октябрь 2025 11:50
IMG_4523.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 26.10.25 /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму окуу жайга өзгөчө белек катары - билим берүүчү көчмө лабораторияга айландырылган заманбап автобус тапшырды.

Белгилей кетсек, ноутбуктар, проекторлор, экрандар жана акустикалык система менен жабдылган бул автобус өлкөнүн ар кайсы аймактарында практикалык сабактарды, семинарларды жана билим берүү иш-чараларын өткөрүүгө шарт түзөт.

Жаңы форматтагы билим берүү студенттер менен окутуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, академиялык мобилдүүлүктүн жана аймактар аралык тажрыйба алмашуунун өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу.

"Биз Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргызстандагы билим берүү тутумунун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп жатканыбызга кубанычтабыз. Бул белек өз ара урматтоого жана өнүгүүгө умтулган достук жана өнөктөштүк байланышыбыздын символу", — деди "Евразия Кыргызстан" аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова.

Ошондой эле мааракелик майрамдын алкагында "Евразия" аллеясына бак тигилип, бул муундардын мурасы жана келечекке ишенимдин белгиси катары кабылданды.