Улуттук тарыхтын жаңы барактары: 15 томдук фундаменталдык эмгек жазылат

Коом 630 25 Март 2026 10:45
657988160_1509376121197017_4410717746729472515_n (1).jpg
657450550_1509376114530351_7267168803539180745_n (1).jpg
656835897_1509376251197004_8508349217742983583_n.jpg
656733907_1509376244530338_5317916914591913377_n.jpg
658674018_1509376221197007_2389476312266603313_n.jpg
659451255_1509376117863684_3458272443830613902_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды.

Атап айтканда, Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгектин долбоору талкууланып, жыйынтыгында аталган эмгектин структурасы жана мазмундук багыттары бекитилип, автордук жамааттын курамы аныкталды. Ошондой эле кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.

Кеңешменин алкагында маданий мурастарды даңазалоо жана коомчулукка жеткирүү маселелери да өзгөчө көңүл борборунда болду. Бишкек шаарынын аймагында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплексти түзүү демилгеси каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.