Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” аттуу илимий жыйнактын бет ачарына катышты.
Жыйнактын бет ачары Илим күнүнө карата уюштурулду. Бет ачарга президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Мамлекеттик катчы өз сөзүндө иш-чарага катышкандарды Илим күнү менен куттуктап, ошондой эле улуттук иденттүүлүктү жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө маселелерине токтолду.
Ал "Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер" жыйнагынын жарыкка чыгышы улуттук баалуулуктарды терең изилдөөгө жана аларды келечек муундарга өткөрүп берүүгө олуттуу салым кошоорун баса көрсөттү.
Мындан тышкары, Марат Иманкулов улуттук иденттүүлүк темасына арналган жаңы изилдөөлөрдү колдоо мындан ары да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин белгиледи.
Ал бул багыттагы ишти улантуудагы жаштардын өзгөчө ролун белгилеп, аларды илимге жана улуттук мурастарды изилдөөгө активдүү катышууга чакырды.