Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Күн мурун социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын Шашылыш медициналык жардам бөлүмүн суу каптап жатканы тууралуу видеолор тараган. Окуянын чоо-жайы боюнча “Кабар” агенттигине башкы дарыгердин орун басары Улукбек Кулукеев маалымат берди.
Анын айтымында, суу каптоо дарылоо корпусунун жер төлөсүндө болгон. Кырдаал катталары менен дароо чара көрүлүп, суунун кириши токтотулуп, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.
“Кечээ кечки саат жетилер чамасында канализациянын кудугу толуп, анын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, жер төлөнүн бир бурчуна кирген. Окуя катталгандан кийин дароо оорукананын жетекчилиги, санавиация кызматкерлери, инженерлер жана сантехниктер жерине барып чара көрүштү. Текшерүү учурунда канализациянын ичине ар кандай таштандылар жана гигиеналык каражаттар топтолуп, бүтөлүп калганы аныкталган. Мындан тышкары, сыртта жааган катуу жамгыр да суунун көбөйүшүнө кошумча себеп болгон. Натыйжада кудук тазаланып, жер төлө тез арада тазаланып, кургатылып, эки сааттын ичинде мекеме кадимки иш режимине кайтарылды”, — деди орун басар.
Видеодо ошондой эле дубалдан сарыгып аккан суу да байкалган. Улукбек Кулукеевдин айтымында, калкалоочу чатыр менен дубал кошулган жерде кичинекей жарака пайда болуп калган. Жамгыр учурунда ошол жерден суу ылдый көздөй сарыгып аккан. Аталган жарака да кыска убакыттын ичинде бүтөлгөн.
Ал белгилегендей, бул кырдаал бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо процессине таасирин тийгизген жок, суу бөлүмдүн бир четинде жана жер төлөдө гана катталган.
Ошондой эле орун басар кошумчалагандай, бул бөлүмдө 2024-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Буга чейин мындай окуя катталган эмес. Канализация кудугу сордурулуп, тазалоо иштеринен өткөрүлүп турат.