Улуттук госпиталда өрт-тактикалык машыгуу өттү – сүрөт

Коом Загрузка... 06 Март 2025 15:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын базасында өзгөчө кырдаалды – урология корпусундагы өрттү инсценировкалоо боюнча окутуу-машыгуу иш-чаралары өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, окутуу-машыгуу иш-чараларына урология имаратынын бардык бөлүмдөрү катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө бардык бейтаптар, анын ичинде баса албаган, замбил менен ташылуучу бейтаптар жана имараттын урология жана көз оорулары бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери эвакуацияланды. Симуляцияланган өрттү өчүрүүгө жана коопсуздукту камсыздоого Бишкек шаарынын 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык штабынын жана куткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атайын техникалар жана куткаруучу шаймандар тартылып, имараттын 5, 4, 3 жана 2-кабаттарынан адамдарды эвакуациялоо ийгиликтүү ишке ашырылды.

Мындан тышкары, оорукананын медициналык кызматкерлери алдын ала макулдашылган, оорулууларды, анын ичинде оор абалдагыларын кабыл ала турган бөлүмдөргө бейтаптарды эвакуациялоо алгоритмин иштеп чыгышты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев инсценировкаланган куткаруу жана эвакуациялоо иштеринин жүрүшүнө жеке көз салып, мындай иш-чаралардын медициналык персоналдын жана ыкчам куткаруу кызматтарынын мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуудагы маанисин белгиледи.

Ал өзгөчө кырдаал маалында коопсуздукту сактоо жана мүмкүн болушунча көбүрөөк жабырлануучуну аман сактап калуу үчүн саламаттыкты сактоо мекемелеринин, ӨКМдин, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын координацияланган өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын негизги максаты - медициналык кызматкерлер менен ар кандай кызматтардын макулдашылган өз ара аракеттенүүсүн иштеп чыгуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү боюнча көндүмдөрдү өркүндөтүү.

Мындай машыгуулар бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу менен мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн медициналык кызматкерлердин жана ыкчам куткаруу кызматтарынын даярдыгын жогорулатууга жардам берет.