Бишкекте Улуттук госпиталдын айланасы көрктөндүрүлөт

Коом 31 Март 2025 14:29
1743407597.jpg
1743407644.jpg
1743407639.jpg
1743407633.jpg
1743407621.jpg
1743407617.jpg
1743407613.jpg
1743407608.jpg
1743407597.jpg
1743407593.jpg
1743407589.jpg
1743407584.jpg
Алдыга
Артка
1743407597.jpg
1743407644.jpg
1743407639.jpg
1743407633.jpg
1743407621.jpg
1743407617.jpg
1743407613.jpg
1743407608.jpg
1743407597.jpg
1743407593.jpg
1743407589.jpg
1743407584.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жана Улуттук госпиталдын жетекчилиги менен көчмө жыйын өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, шаар башчысы учурда жер астындагы өтмөктөрдүн курулушу уланып жаткан ооруканага чектеш аймакты текшерип, муниципалдык кызматтарга өтмөктүн кире беришин бошотуу боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, мэр госпиталдын айланасындагы иштеп жаткан объектилердин мыйзамдуулугун карап чыгууну тапшырды. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы объектинин ээлерине ыктыярдуу түрдө демонтаж кылуу боюнча билдирүү жөнөтүшү керек.

Биринчи май райондук администрациясынын башчысына оорукананын айланасын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча талаптарга ылайык келтирүү, ошондой эле “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте оорукананын айланасында тротуар куруу, тез жардам унаалары үчүн чектөө белгилерин орнотуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Муниципалдык инспекцияга жеке менчик үйлөрдүн ээлерин тактап, айлана-чөйрөнү талапка ылайык кармабагандыгы үчүн эскертүү берүү керектиги айтылды.

Госпиталдын жетекчилигине ооруканага чектеш аймакты талаптагыдай абалда кармоо жана бейтаптар менен шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү милдети жүктөлдү. Ошол эле учурда шаардык кызматтар Улуттук госпиталдын аймагын комплекстүү көрктөндүрүү боюнча маселелерди карап чыгышы зарыл.