Лейлектеги ооруканада өрт-тактикалык түнкү машыгуу өттү

Аймак 06 Март 2025 16:33
3777_6121.webp
481675447_1040866671419392_6221128453790923844_n.jpg
482248820_1040866611419398_2654957355356645520_n.jpg
481949790_1040866558086070_240312861257417585_n.jpg
Алдыга
Артка
3777_6121.webp
481675447_1040866671419392_6221128453790923844_n.jpg
482248820_1040866611419398_2654957355356645520_n.jpg
481949790_1040866558086070_240312861257417585_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы ооруканада өрт-тактикалык түнкү машыгуу өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда уюштурулган түнкү машыгууга ӨКМдин өрт өчүрүү унаасы жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тартылды.

Өрт чыккан учурда бейтап жана кызматкерлердин өмүрүн сактоо, эвакуация кылуу башкы максат болгондуктан, алгачкы өрт өчүрүү шаймандарынын, ички жана тышкы суу булактарынын абалы, ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундарын окутуп үйрөтүү маанилүү болуп саналат.

Машыгуу учурунда түзүлгөн сценарийге ылайык өрт өз учурунда толук өчүрүлүп, андан соң медицина кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелери тууралуу нускама өткөрүлдү.