Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. 28-сентябрдан 3-октябрга чейин Россиянын Сургут шаарындагы Сургут округдук клиникалык ооруканасында перифериялык кан тамыр ооруларын эндоваскулярдык дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча адистештирилген билим берүү программасы өттү.
Улуттук госпиталдан билдиришкендей, программага аталган оорукананын кан тамыр хирургдары — Кыдырбаев Алмаз Кудайбергенович жана Осмонов Сулайман Омурбекович катышты.
Окутуунун алкагында адистер тромбоздорду, бут-колдордун курч ишемиясын, перифериялык артериялардын окклюзиясын дарылоонун заманбап ыкмаларын, ошондой эле тромбэктомия, атерэктомия, баллондук ангиопластика жана стент коюу ыкмаларын өздөштүрүштү.
Программа теориялык даярдыкты, практикалык иштерди жана клиникалык учурларды талдоону камтыды.
"Биздин адистер алдыңкы адистерден билим алып, практикалык тажрыйбаны өздөштүрүп, дарылоонун заманбап технологиялары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышы зарыл. Бирок эл аралык кызматташтык биздин дарыгерлердин чет өлкөлөргө барып билим алуусу менен гана чектелбеши керек. Биз чет өлкөлүк адистерди Улуттук госпиталга чакырып, алар биздин базада түздөн-түз окутуу иштерин жүргүзүп, дарыгерлерибиз менен биргеликте клиникалык учурларды талдап, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүүсү маанилүү.
Биздин милдет — алынган билим айрым адистерде гана калбастан, акырындык менен жалпы жамаатка жайылып, күнүмдүк медициналык практикага киргизиле турган шарттарды түзүү. Бул заманбап медицинаны өнүктүрүүнүн жана бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун маанилүү багыттарынын бири",- деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Талантбек Арстанкулов.
Маалымат үчүн: Эндоваскулярдык дарылоо — бул кан тамыр ооруларын чоң хирургиялык кесүү жасабастан, кан тамырдын ичинен дарылоого мүмкүндүк берген аз инвазивдүү ыкма. Кан тамырга жасалган кичинекей тешик аркылуу дарыгер атайын катетерлердин жана аспаптардын жардамы менен артериянын тарылып же бүтөлүп калган жериндеги кан айланууну калыбына келтирип, тромбду алып салууга, баллондук ангиопластика, атерэктомия жүргүзүүгө же стент коюуга мүмкүнчүлүк алат.Мындай ыкмалар көп учурларда хирургиялык жаракатты азайтууга, калыбына келүү мезгилин кыскартууга жана бут-колдордун кан менен камсыз болушун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.