Мамлекеттик кызматта кадрларды жаңылоо уланууда – Жантаев

Коом
Мамлекеттик кызматта кадрларды жаңылоо уланууда – Жантаев
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта улуу муундун тажрыйбасы менен жаш адистердин мүмкүнчүлүктөрү бири-бирин толуктап турат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматта улуу жана жаш муундардын ортосунда өзгөчө бөлүнүү бар деп айтууга негиз жок. Кызматкерлердин курамы мурда да жаңыланып келген жана бул процесс мындан ары да уланат.

Жантаев улуу муундагы кызматкерлер топтогон тажрыйбасын жаш адистерге өткөрүп бериши керектигин, ал эми жаштар ошол тажрыйбаны өздөштүрүп, кесиптик билимин арттырарын белгиледи.