Башкы прокуратура Сеулда кылмыштуулукту изилдөө боюнча тажрыйба алды

Коом 24 сентябрь 2026 11:15
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.12.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.12.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.16.23.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.12.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.12.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 06.16.23.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын делегациясы Сеул шаарында калктын кылмыштуулуктан жабыркашын изилдөө боюнча регионалдык семинарга катышты.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, иш-чарага Кыргызстан, Монголия, Филиппин, Таиланд жана Түштүк Кореянын улуттук эксперттери катышты. Семинар БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Азия-Тынч океан аймагындагы кылмыштуулук статистикасы жана кылмыш сот адилеттиги боюнча алдыңкы тажрыйба борбору тарабынан Кореянын Маалыматтар жана статистика министрлиги менен биргеликте уюштурулду.

Катышуучулар изилдөө жүргүзүү методологиясын, калк арасында сурамжылоо уюштурууну, статистикалык маалыматтарды иштетүүнү жана эл аралык тажрыйбаны колдонууну талкуулашты.

Кыргызстандын катышуусу кылмыш-жаза сот адилеттиги жаатындагы статистикалык эсепти, аналитикалык иштерди жана процесстерди санариптештирүүнү өркүндөтүүгө багытталган.