Улуттук филармонияда "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзиклинин бет ачары өттү

Маданият Жүктөлүүдө... 25 Февраль 2025 09:40
481905753_938777025080721_3319464875162768027_n.jpg
481133907_938778395080584_4010148145408298500_n.jpg
480574867_938776471747443_3583141642048402925_n.jpg
480940559_938776975080726_3657348106716841535_n.jpg
480748454_938776705080753_2313641668787797506_n.jpg
480781889_938780461747044_5974111630193576975_n.jpg
481663408_938841371740953_7939454511657393680_n.jpg
480573053_938841291740961_4610619741359176794_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын сахнасында "Раймалы менен Бегимайдын" махабаты тартууланды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, күн мурун президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын негизинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли көрүүчүлөргө тартууланып, анда кыргыздын улуу өнөрүн, маданий баалуулугун, каада-салт, үрп-адатын көрө алышты.

Мюзиклде бири-бирин чын дилинен сүйгөн татаал тагдыры чагылдырылган.

Долбоордун автору жана жетекчиси КР эл артисти Кыргызбай Осмонов, либреттосун КР эл акыны Аалы Туткучев жазган. Режиссеру — Айнура Качкынбек кызы.

Бул легенда Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романында баяндалган. Жазуучу экинчи уламышта Раймалы менен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Бегимайдын махабатын берген. Автор легенда аркылуу адам баласына бир келүүчү сүйүү сезими карылыгына карабай Раймалынын, жаштыгына карабай Бегимайдын бирдей эле деңгээлде жан дүйнөлөрүн ээлеп алганын көрсөткүсү келген.