“Сүймөнкул” мюзиклинен соң көрүүчүлөрдүн көз жашын көрүп, мээнеттин акталганына ынандык – Кыргызбай Осмонов

Маданият Загрузка... 29 Март 2026 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.03.26. /Кабар/. "Сүймөнкул" этно-мюзиклинин коюлушу бул Кыргыз улуттук филармониясынын жана анын жамаатынын улуу инсан Сүймөнкул Чокморовго болгон ызааты, сыйы болду. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору, КР Эл артисти Кыргызбай Осмонов билдирди.

WhatsApp Image 2026-03-29 at 14.39.06.jpeg

Анын айтымында, "Сүймөнкул" жаңы долбоору — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы тарабынан коюлуп жаткан үчүнчү мюзикл.

"Белгилүү болгондой, буга чейин "Раймалы менен Бегимай", "Жамиля" мюзиклдери коюлган. Биз "Сүймөнкул" этно-мюзиклин сахнада элге тартуулап, көрүүчүлөр менен бирге көзүбүзгө жаш алып, элдин кол чабууларын көрүп мээнетибиз кайтканына ынандык. Элдин чын жүрөктөн кабыл алуусун көрүп турдук. Анткени театрда көрүүчү эч качан алдабайт", — дейт Осмонов.

"Сүймөнкул" этно-мюзиклин коюуга 6 ай даярдык көрүлүп, жалпы 216 өнөр адамы катышканын Кыргызбай Осмонов белгиледи.

"Биз бул долбоорду 6 ай убакыт даярдадык. Мюзиклдин либреттосун жаш акын Акбар Кубанычбеков жазды. Режиссёр-коюучусу Улуттук филармониянын башкы режиссёру Умар Кадыров болду. Режиссёрго жардам көрсөткөн Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Болот Тентимишовдун дагы бул жерде чоң эмгеги бар. Негизи мюзикл деген абдан татаал нерсе. Жалпы 216 киши катышып, абдан чоң долбоорлордун бири болду. Белгилей кетсек, жогоруда айтылган үч долбоор тең Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен бөлүнгөн каражаттын негизинде коюлууда. Ошондуктан министрлер кабинетине, министрликтин колдоосуна терең ыраазычылык билдиребиз. Эгер мамлекет колдобосо, мындай ийгилик болбойт эле", — деди ал.

Ошондой эле филармония жетекчиси иштин негизги багыты катары мюзикл жанрын тандап алышканын жана маданий мекеменин бул жанрды койгонго толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

"Кыргыз улуттук филармониясы мюзикл жанрын тандап алды. Анткени филармонияда ушул жанрды алып кеткенге мүмкүнчүлүк бар. Мюзикл коюу үчүн, биринчиден, оркестр керек болсо, бизде оркестр бар. Экинчиден, балет бийчилери керек, бийчилер да бар. Үчүнчүдөн, хор керек болсо, бизде хордун артисттери бар. Төртүнчүдөн, мыкты ырчы, солисттер зарыл. Бизде өзүңүздөр көргөндөй солисттер да бар. Бешинчиден, актёрдук чеберчилик керек. Бизде чеберчилиги мыкты актёрлор бар. Мисалы, Курал Чокоев, Аксай Мукамбетов, Салима Балтаева, Улан Качкыналиев сыяктуу өнөр адамдары кадимкидей эле актёр болуп калышты. Андан сырткары, Болот Тентимишов, Умар Кадыров өңдүү алдыңкы театралдык режиссёрлор эмгектенишет.
Мюзикл көп жанрды камтыган чыгарма болгондуктан, 200дөн ашык өнөр адамдарынын эмгегинин натыйжасында чоң долбоор даярдалды. Азыр биздин филармонияда ушундай мюзиклдерди койгонго шарт түзүлгөн. Жакында эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата "Раймалы менен Бегимай", "Жамиля" мюзиклдери менен Казакстандын Астана шаарына барып келдик. Алдыда 14-18-апрель күндөрү Азербайжандын Баку шаарында "Жамиля" мюзиклин тартуулайбыз деп турабыз", — деди Осмонов.

Улуттук филармония көрөрмандарын сүйүнтүп, алдыда дагы үч мюзикл коюуну пландоодо. Алардын бири күз айларында көрүүчүлөргө тартууланмакчы.