Улуттук филармонияда “Сүймөнкул” этно-мюзиклинин бет ачары өттү - сүрөт баян

Маданият Загрузка... 28 Март 2026 20:43
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы долбоор — "Сүймөнкул" этно-мюзикли көрүүчүлөргө тартууланууда.

Маалымдалгандай, кыргыз сахна искусствосундагы маанилүү окуялардын бири болгон бул эмгек белгилүү "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзиклинин жаратуучулары тарабынан даярдалган. Мюзиклде улуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтчүлүк жана актёрдук өнөрү чагылдырылган.

Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморовдун өмүрүнө, тагдырына жана чыгармачылык жолуна арналган бул чыгарма акын Акбар Кубанычбековдун калемине таандык. Анда каармандын төрөлгөнүнөн тартып өмүр таржымалы, заман ыргактары баяндалат. Акын Акбар Кубанычбеков бул эмгеги аркылуу миң кырдуу талант Чокморовдун мекенчилдик сезимин, эгемендикти эңсеп келгендигин ачып берген.

Улуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтчүлүк образын ырчы Аксай Мукамбет уулу, актёрдук образын ырчы Курал Чокоев жараткан. Жалпысынан эки саатка жакын созулган этно-мюзиклге Улуттук филармониянын 200дөн ашык артисти катышты.

Долбоордун автору жана көркөм жетекчиси, КР Эл артисти — Кыргызбай Осмонов. Мюзиклдин режиссёр-коюучусу — Умар Кадыров.

Эскерте кетсек, этно-мюзикл бүгүн, 28-марттан тартып 31-мартка чейин Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасында көрсөтүлөт. Этно-мюзикл кечки саат 18:30да башталат. Билеттер филармониянын кассасында жана "Kassir.kg" сайтында сатылууда.