Астанада "Жамийла" мюзикли аншлаг менен өттү

Маданият 19 Март 2026 13:20
653709164_1231633402461747_480302860328576094_n.jpg
653704086_1231632862461801_329047509288889965_n.jpg
653717783_1231633325795088_5941761064870768740_n.jpg
654690407_1231632785795142_531572059471125038_n.jpg
654650528_1231632879128466_8414589278974875474_n.jpg
654780794_1231633065795114_7684312702775666161_n.jpg
654784459_1231634075795013_9035757509156839418_n.jpg
653704868_1231633212461766_913558629786467063_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Казакстандын борбору Астана шаарында кечээ, 18-мартта Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Жамийла" мюзикли аншлаг менен өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы тарабынан даярдалган спектакль аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды. Мюзикл эки боордош элдин маданий жакындыгын жана достугун даңазалаган чыгарма катары кабыл алынды.

Белгилей кетсек, аталган маданий иш-чара президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен, ошондой эле "Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө" жарлыгынын негизинде уюштурулууда.

Анын алкагында 17-мартта "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли да ийгиликтүү тартууланган.