Көрүүчүнүн жан дүйнөсүнө руханий азык берген "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли

Маданият Загрузка... 28 Февраль 2025 13:03
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли төрт күндөн бери аншлаг менен өтүп жатат.

Этно-мюзиклдин алгачкы бөлүгүндө төкмөлүк өнөрү менен эл оозуна алынып, кадыр-барк топтоп келе жаткан Раймалынын жаш кези сүрөттөлөт. Башкы каармандын комузу жана Сарала күлүгүнөн башка таянычы болбойт.

Чыгармачылыгын аркасында жалпы журт аны сыйлап, урматтап турган. Кандай гана той-аш маараке болбосун Раймалысыз өтпөйт.

Аш-тойлордо ырдап төкмөлүк өнөрү менен ат чабыштарды алдыңкы орунду бербеген Раймаланы өз журтунан башка өзбек, казак улуттары дагы тааный баштайт. Алардын айрымдары Раймалы менен жолугуп айтышсам деп кыялданышкан. Алардын катарында казактын сулуу, акын кызы Бегимай да болгон.

Раймалыга жолугуп аны менен айтышууну кыялданып жүргөн Бегимайдын кыялы кыргыз, казак, өзбек өнөр адамдарынын жана журт башчылары катышкан мааракеде ишке ашат. Экөө ошол жерде эл алдында айтышып, алардын айтышуусу көпчүлүктүн купулуна толгон. Айтыштан кийин экөө бири-бирин жактырып калат.

60 жаштагы Раймалы менен 18 жаштагы Бегимайдын махабатына журт башчылары каршы чыгып, акыр-аягы экөөнү бирге жазалашат.

Долбоордун автору жана жетекчиси КР эл артисти Кыргызбай Осмонов, либреттосун КР эл акыны Аалы Туткучев жазган. Режиссеру — Айнура Качкынбек кызы.

Бул легенда Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романында баяндалган. Жазуучу экинчи уламышта Раймалы менен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Бегимайдын махабатын берген.

Автор легенда аркылуу адам баласына бир келүүчү сүйүү сезими карылыгына карабай Раймалынын, жаштыгына карабай Бегимайдын бирдей эле деңгээлде жан дүйнөлөрүн ээлеп алганын көрсөткүсү келген.