Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусу - Кыргызстандагы туристтер эң көп келген аймак.
Бул жакта тарыхый-маданий жана саламаттыкты чыңдоо туризми, альпинизм, треккинг, ат үстүндө сейилдөө, саамал ичүү жана башка эс алуунун түрлөрү өнүккөн.
Кыргызстандын бермети - Ысык-Көл облусу быйыл туристтерди жогорку деңгээлде тосуп алууда. Бул жылы аймак жаңыланып, бир катар эс алуу жайларында реконструкция иштери жүргүзүлүп, инфраструктура жакшыртылды. Айрыкча, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларындагы пляждар толугу менен реконструкциядан өтүп, таанылгыс болуп өзгөрдү.
Пансионаттардын пляждары жана жолдор иретке келтирилип, заманбап шарттар түзүлдү. Санитардык талаптар күчөтүлүп, коопсуздук жана тейлөө деңгээли жогорулады.
Ушул тапта отелдер, пансионаттар туристтерди кучак жая тосуп алууда.
Тоңбогон көлдүн көгүлтүр суулары, алтын кумдуу жээги жана муздак тоо шамалы менен Ысык-Көл жайкы эс алуунун идеалдуу аймагы.
Көл жээгинде күнгө кактанып, кайык менен сүзүп, көңүл ачуу ар түрдүү курактагы туристтерди өзүнө тартпай койбойт.
Жайкы сезон кызып, жаратылыш кооздугу жана меймандос эл бирге айкалышкан бул аймакка келген ар бир мейман жылуу маанай, унутулгус элес жана кайтып келүү каалоосу менен кетет.