Бишкек 01.07.25 /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу иш сапарынын алкагында Португалиянын парламентинин төрагасы Жозе Педру Агиар-Бранку менен жолукту.
Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Португалиянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Алгач Кыргызстан Европа өлкөлөрү, анын ичинен Португалия менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин билдирген төрага мамлекеттер аралык байланышты бекемдөөгө негиз болчу тармактарга токтолду.
Анын ичинен парламенттер аралык диалогду тереңдетүү зарыл экенин айтты.
Муну менен катар өткөн жылы Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюлганын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу аталган документти ратификациялоо ишин тездетүү зарыл экенине токтолду.
Кыргызстандагы соңку өзгөрүүлөр, экономикалык реформалар тууралуу да учкай кеп кылган Жогорку Кеңештин төрагасы адам укугун коргоо жана демократиялык баалуулуктарды бекем сактоо маселелери да артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.
Ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода экономикалык байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага: “Кыргызстан аталган багытта да кызматташууга өзгөчө көңүл буруп, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Бул үчүн логистикалык, инфраструктуралык маселелерди чечишибиз керек. Алсак, биз учурда гидроэнергетика тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүбүздүн 10 гана пайызын пайдалануудабыз. Андыктан, португалиялык инвесторлорду энергетика, туризм, айыл чарба жана билим берүү тармактарында биргелешип иш алып барууга чакырабыз", - деди.
Айрыкча спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу Португалия тарых жараткан мыкты футболчулардын мекени экенин жүйө келтирип: “Биз дени сак жашоо образын адатка айлантуу менен футбол оюнун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз. Ага ылайык, аталган багытта сиздер менен тажрыйба алмашып, тыгыз кызматташууга кызыкдарбыз”, - деген сунушун айтты.
Сөзүнүн аягында кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Португалиянын парламентинин төрагасы Жозе Педру Агиар-Бранку төрага Нурланбек Тургунбек уулунун бул иш сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөт деген үмүттө экенин баса белгилеп, мындай эки мамлекет ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу тарыхта алгач ирет өтүп жатканына токтолду.
“Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен акыркы мезгилде экономикалык жактан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жаткан Кыргызстан менен кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү. Бийик тоолору, кооз табияты жана эркиндикти эң башкы баалуулугу санаган меймандос эли менен өзгөчөлөнгөн кыргыз мамлекетинин алакаларды арттырууга багытталган мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин билебиз. Ага ылайык, бул жолугушуу байланыштардын жаңы барагын ачып, өнөктөштүктү калыптандырууга өбөлгө түзөрү анык”, - деген Жозе Педру Агиар-Бранку өзү белгилүү футболчу Криштиану Роналду менен айылдаш экенин айтып, спорт жаатында да биргелешип иш алып барууга болорун кошумчалады.
Андан тышкары, чакырууну чоң кубаныч менен кабыл алганын билдирип, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетерин убада кылган Жозе Педру Агиар-Бранку мындан ары парламенттер аралык байланыштарды арттыруу, анын ичинен тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун ортосундагы диалогду кеңейтүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү.