Көл жээгинде Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган фестиваль өттү

Маданият Загрузка... 07 Июль 2025 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 07.07.25 /Кабар/. 5-6-июль күндөрү Ысык-Көлдүн Тосор айылында Кыргыз эл акыны, жазуучу Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган поэзия фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Жазуучулар союзу кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, көл жээгиндеги ачык театр сахнасында акындар, манасчылар өнөрүн тартуулашып, Омор Султановдун обондуу ырлары ырдалып, ырлары окулду.

Ошондой эле фестивалдын алкагында уюштурулган "Махабат ыры" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, төмөндө алдыңкы орундарды багындырган акындар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

  • 1-орунду - Бектемир Асылбеков (50 миң);
  • 2-орунду - Канат Таалайбеков (30 миң);
  • 3-орунду - Элгиза Бусурманкул кызы (20 миң).

Андан сырткары, Жакшылык Дүйшөнбек уулу жана Бектурали Исамидин уулу кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Маалымат үчүн: II жана III даражадагы «Манас» орденинин ээси, акын, жазуучу, котормочу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Ал "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздөөчүлөрүнүн бири жана 2007-2009-жылдары Жазуучулар союзунун төрагасы болгон. Көптөгөн ырлар жыйнагы басылып чыгып, ондон ашык чет тилдерге которулган. Акын 2022-жылы 87 жашында дүйнөдөн кайткан.