Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргыз акыны Алтынай Темирова "Бийчи жамгыр" поэзия жыйнагы үчүн Италиянын "Eccellenza Internazionale" эл аралык сыйлыгына ээ болду.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, сыйлыкты тапшыруу аземи 25-октябрда Италиянын Санникандро-ди-Бари шаарындагы тарыхый норман-сваб сепилинде өттү.
Сыйлыкты Бари шаарындагы Л.А. Сенека атындагы Өнөр жана философиялык илимдер академиясы заманбап адабияттагы өзгөчө жетишкендиктери жана чыгармачылык чеберчилиги үчүн ыйгарды.