Бишкекте улуу акын Токтогул Сатылгановду эскерүү кечеси өттү

Маданият 1126 20 Февраль 2026 10:35
1771480074_large.jpeg
1771479963.jpeg
1771479959.jpeg
1771479967.jpeg
1771479972.jpeg
1771479984.jpeg
1771480045.jpg
Алдыга
Артка
1771480074_large.jpeg
1771479963.jpeg
1771479959.jpeg
1771479967.jpeg
1771479972.jpeg
1771479984.jpeg
1771480045.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бишкекте улуу акын, композитор жана комузчу Токтогул Сатылгановдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Анда белгиленгендей, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейинде уюштурулду.

Эскерүү кечесинде №69 мектептин комузчулар ансамбли жана Ысык-Ата районундагы А. Айталиев атындагы орто мектептин ооз комуз ансамбли Токтогул Сатылгановдун белгилүү күүлөрүн аткарып, өзгөчө маанай тартуулашты.

Ошондой эле акындын өмүр жолу, чыгармачылык изденүүлөрү жана кыргыз адабияты менен музыкасына кошкон баа жеткис салымы тууралуу мазмундуу баяндамалар да жасалды. Катышуучулар улуу мурастын түбөлүктүүлүгүн баса белгилеп, жаштарды улуттук баалуулуктарды урматтоо жана сактоого чакырышты.

Мэриядан кошумчалашкандай, Токтогул Сатылганов атындагы Адабият музейинин абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү каражаттар бөлүнүп, реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.