Чек араны коргоодо курман болгон жоокерлер эскерилди

Коом 16 сентябрь 2026 18:45
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.35.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.35.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.34.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.34.50.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.35.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.35.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.34.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 18.34.50.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде мамлекеттик чек араны коргоодо баатырларча курман болгон аскерлер эскерилди. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Анда милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, мамлекеттик чек араны коргоодо өз өмүрүн аябаган жоокерлердин эрдиги жана мекенге болгон берилгендиги кийинки муундар үчүн да үлгү болуп каларын белгиледи.

Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев чек арадагы куралдуу кагылышууларга катышкан аскер кызматчыларына Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин элесине таазим этип, алардын эрдигин терең урматтоо менен эскеришти.