Бишкек, 27.10.26 /Кабар/. Бүгүн Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын "Мен ким – Бобур…" спектакли Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында көрсөтүлдү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, спектакль кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына жана КР баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалынын алкагында коюлду.
Спектаклдин инсценировкасынын автору — Р. Махмудова, режиссёру — Н. Абдыкадыров. Театр жамааты көрүүчүлөргө өзүнүн чыгармачылык эмгегин тартуулап, фестивалдын көркөм программасына салым кошту.
Белгилей кетсек, XIV республикалык театр фестивалы 2026-жылдын 26–30-октябрь күндөрү өтүүдө. Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, өздөрүнүн чыгармачылык эмгектерин тартуулашууда.