Кыргыз театрына 100 жыл: Эски аянтта мааракелик шоу-концерт өттү

Маданият
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 09.00.57.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Бишкекте кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына жана Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык шоу-концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта өткөн иш-чара театрлардын чыгармачыл жамааттарынын салтанаттуу жүрүшү менен башталып, өлкөнүн бардык аймактарынан келген театр өкүлдөрү катышты.

Жөө жүрүштөн кийин майрамдык программа шоу-концерт менен уланып, көрүүчүлөргө кыргыз театрынын тарыхын, басып өткөн жолун жана улуттук искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырган театралдаштырылган программа тартууланды.

Майрамдык концертте Саламат Садыкова, Керим Турапов, Асылбек Өзүбеков, Бек Борбиев, Курал Чокоев, Азат Раимбердиев, Жийдеш Идирисова, Жанар Туратова, Малика Дина, Бегиш, Миран Жанарбаев, Эра, Эламан Каныбеков, Насип Мырза жана “Мета” тобу өнөрлөрүн тартуулашты.

Белгилей кетсек, кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракеси өлкө боюнча бир катар маданий иш-чаралар менен белгиленип жатат.