Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалы расмий ачылды.
Салтанаттуу иш-чара КР баатыры, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналууда.
Ачылыш азем Кыргыз улуттук академиялык драма театры баштаган облустук, райондук жана шаардык театрлардын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук жана Ош, Жалал-Абад облустук филармонияларынын, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын, театралдык окуу жайлардын өкүлдөрүнүн кызыл килемден өтүүсү менен башталды.
Андан соң көрүүчүлөргө кыргыз театрынын түптөлүү тарыхы театралдаштырылган көрүнүш аркылуу тартууланды. LED-экрандан ар кайсы мезгилдерде коюлган спектаклдердин сүрөттөрү жана видеолору көрсөтүлүп, актерлор мурунку жана кийинки мезгилдердеги чыгармалардан үзүндүлөрдү сахнада жандуу аткарышып, чакан концерттик программа менен коштолду.
Ал эми расмий бөлүгүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков сөз сүйлөп, театр ишмерлерин жүз жылдыгы менен куттукташты.
Улан Маматканов кыргыз театрынын жүз жылдык тарыхына токтолуп, анын элдин руханий дүйнөсүн байытуудагы жана муундарды тарбиялоодогу ордун белгиледи.
Анын айтымында, театр — улуттук маданиятты өнүктүрүп, жаш муундун табитин калыптандыруучу маанилүү мектеп. Бүгүнкү күндө аймактык театрлардын шарттарын жакшыртуу, сахна жабдууларын жаңылоо, жаңы чыгармаларды жаратуу жана жаш режиссёрлор менен актёрлорду колдоо зарыл.
Ошондой эле ал кыргыз театрынын жаңы алтын доорун жаратууга шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, бул багытта чыгармачыл жамааттардын алдында чоң милдеттер турганын айтты. Муну менен катар театр өнөрүнүн өнүгүшүнө өмүрүн арнаган ардагерлердин эмгегин жогору баалап, алардын улуттук маданиятка кошкон салымына токтолду.
Андан сырткары ачылыш аземде бир катар театр ишмерлерине эргүү сыйлыгы тапшырылды.
Белгилей кетсек, фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, ар бири бирден спектакль тартуулайт.
Ошондой эле мааракенин алкагында Бишкектеги сейил бактарда концерттик программалар менен коштолгон театралдык коюмдар уюштурулуп, куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде балдар үчүн жомок-спектаклдерин тартуулашат.
Актерлордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү максатында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү жана тажрыйбалуу режиссёрлордун катышуусунда мастер-класстар өткөрүлөт.
Фестиваль 30-октябрда жыйынтыкталат. Ал эми 2-ноябрда кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган илимий конференция жана мааракенин салтанаттуу аземи өтөт.