Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. 2–5-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасында Акбар Кубанычбековдун калемине таандык "Сүймөнкул" улуттук мюзикли көрүүчүлөргө кайрадан тартууланат.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, көпчүлүктүн суроо-талабы менен сахнага кайтып келген чыгарма Кыргыз Республикасынын эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган. Мюзиклде залкар инсандын кайталангыс таланты, адамдык өзгөчөлүгү жана улуттук маданиятка кошкон зор салымы көркөм чагылдырылат.
Музыка менен сахналык көркөм каражаттарды айкалыштырган чыгарма көрүүчүлөрдү кыргыз искусствосунун залкар өкүлүнүн өмүр жолу менен жакындан таанышууга чакырат.
Мюзиклдин башталышы саат 19:00гө белгиленген.
Билеттерди kassir.kg сайты жана "Bishkek Park" соода борборундагы кассадан сатып алууга болот.