Кыргыз театрынын 100 жылдыгы: Ачык асман алдында концерт өтүүдө

Маданият
WhatsApp Image 2026-10-27 at 12.51.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 12.51.32.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-27 at 12.51.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 12.51.32.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Токтогул Сатылгановдун эстелиги жайгашкан аянтчада Кыргыз театрынын 100 жылдык мааракесине арналган ачык асман алдындагы концерт өтүүдө.

Иш-чаранын алкагында Опера жана балет театрынын солисттери борбор калаанын тургундары менен меймандарына жандуу үн коштоосунда классикалык жана улуттук шедеврлерди тартуулап жатышат.

Шаардын чок ортосунда майрамдык шаң өкүм сүрүп, улуттук искусствонун салтанаты астында чогулган көрүүчүлөр, анын ичинде шаар тургундары менен чет элдик туристтер кубанычка бөлөнүп, бийге түшүүдө.

Белгилей кетсек, кыргыз профессионал театр искусствосунун 100 жылдыгына карата республикалык деңгээлде бир катар масштабдуу маданий иш-чаралар уюштурулууда. Мааракенин алкагында Бишкектин сейил бактарында театралдык көрсөтүүлөр жана концерттик программалар уюштурулуп, куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин балдарына жомок-спектаклдерин сунушташат. Ошондой эле тажрыйбалуу режиссёрлордун катышуусунда жаш актёрлор үчүн мастер-класстар өткөрүлмөкчү.