Бишкек 07.07.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-2-3-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде Бүткүл дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт.
Масштабдуу эл аралык иш-чарага 51 өлкөдөн 133 өкүлдүн, анын ичинде музыканттардын, окумуштуулардын жана маданий ишмерлердин катышуусу күтүлүп жаткандыгын фестивалдын уюштуруучулары билдиришти.
Катышуучулар Австрия, Улуу Британия, Индия, Түштүк Корея, Египет, Япония, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, АКШ жана башка ондогон өлкөлөрдөн келишет.
Фестивалдын алкагында үч негизги иш-чара пландалган:
- Эл аралык музыкалык сынак;
- “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, өнүгүү маселелери” аттуу илимий конгресс;
- Салттуу музыкалык искусство маркет аянтчасы.
Музыкалык сынакка 15 өлкөдөн 60 катышуучу, анын ичинде АКШ, Япония, Венгрия жана Гвинеядан жеке аткаруучулар жана ансамблдер катышмакчы. Катышуучулар улуттук музыкалык мурастарын тартуулашат.
Илимий конгресске 20дан ашуун өлкөдөн этномузыка таануучулар, профессорлор жана изилдөөчүлөр катышып, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Фестивалдын уюштуруучулары - Министрлер кабинети, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жан искусство илимий-изилдөө борбору, Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Улуттук "Манас" театры.