Кыргыз-тажик кызматташтыгы: жаңы деңгээлдеги маданий диалог

Маданият Загрузка... 08 Июль 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстан менен Тажикстанды кылымдарды карыткан коңшулаштык жана тарыхый байланыштар бириктирип келет. Советтер Союзу маалындагы бирдиктүү жашоо да эки элдин достугунун жана өз ара түшүнүшүүсүнүн пайдубалы болуп саналат. 1993-жылдын 14-январында дипломатиялык мамиле түзүлүп, анын алкагында элчиликтер ачылып, стратегиялык өнөктөштүккө багытталган бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлган. Ошол эле учурда маданий-гуманитардык кызматташтык да жолго коюлуп, бүгүнкү күндө да туруктуу уланууда.

WhatsApp Image 2025-07-08 at 17.46.50 (1).jpeg

1996-жылдын 12-июлунда Душанбе шаарында маданият, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык боюнча алгачкы макулдашууга кол коюлган. Бул багытта фольклордук ансамблдер, чыгармачыл делегациялар жана студенттерди алмашуу программалары аркылуу өз ара байланыштар жигердүү жүрүп келет. Адабият, музыка, театр жана искусство тармагындагы иш-чаралар да эки тараптуу маданий диалогду бекемдөөдө.

2024–2025-жылдары Кыргызстанда өткөн бир катар маданий фестивалдарга жана кинофорумдарга Тажикстандан жаш кинематографисттер, вокалисттер жана чыгармачыл өкүлдөр катышып, эки элдин маданий байланышын чыңдоого салым кошушкан.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, эки мамлекеттин ортосундагы жаңы деңгээлдеги кызматташтыкты утурлай маданий-гуманитардык байланыштар дагы жанданып жатат. Анын айтымында, 2024-жылдын 31-мартында Худжанд шаарында өткөн Нооруз майрамы чыныгы искусствонун майрамына айланып, эки элди жакындаткан маанилүү маданий окуя болду.

WhatsApp Image 2025-07-08 at 17.46.50 (2).jpeg

“Учурда эки өлкөнүн Маданият министрликтери биргелешкен концерттерди, көргөзмөлөрдү, кино көрсөтүүлөрдү жана жаш чыгармачыл адамдар үчүн арт-резиденцияларды уюштуруу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошондой эле Борбор Азияда маданий интеграцияны колдоо максатында регионалдык долбоорлордо биргеликте иш алып баруу каралууда.

2026–2028-жылдарга карата эки өлкө ортосундагы маданий кызматташууну кеңейтүүгө багытталган Иш-чаралар планы («Жол картасы») даярдалып жатат. Москва шаарындагы жолугушууда мамлекет башчылары Тажикстандагы “Достук кечеси” аттуу биргелешкен иш-чараны өткөрүүнү макулдашкан. Бул иш-чара - эки элдин маданиятын чагылдырган маданий жана социалдык иш-чара болот”, - деди министр.

Мындан сырткары, жаштар уюмдарынын, маданий мекемелердин жана билим берүү тармагындагы уюмдардын ортосунда өз ара алмашууларды кеңейтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ал өзүнө концерттерди, спектаклдерди, улуттук кийимдердин көргөзмөлөрүн жана кинофильмдердин бет ачарларын камтыйт.

WhatsApp Image 2025-07-08 at 17.46.50.jpeg

Министрдин белгилешинче, мындай иш-чаралар эки элдин ортосундагы коңшулук мамилени бекемдеп, кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Маданият министрлигинин өкүлдөрү жана 120га чукул чыгармачыл интеллигенциянын мүчөлөрү Душанбеде болуп, “Түбөлүк достук” аттуу концерт, Кыргызстандын маданият күндөрү жана башка маданий жолугушуулар өткөрүлүүдө.